Сатылган ун
рууңду сактайм десең - уулуңду тарбияла, Улутуңду сактайм десең - кызыңды тарбияла! Айылда чоң атасынын колунда чоңойгон жаш кыз жашайт. Анын ата-энеси көп жыл мурун ажырашып, жумушсуздуктун айынан ар кайсы жакка мигрант болуп тарап кеткен. Кыз мектепти бүтүп келечеке кадам таштайт. Ал — жалгыз, ишенчээк, кыялкеч бирок үмүтүн жоготпогон жакшы адам. Айылдагы тынч жашоо анын чоң дүйнөгө, бактылуу жашоого болгон кыялын баса албайт. Ошол учурда айылынан бир жигит ала качып алганы жатат деген ушак тарайт. Кыз коркконунан айла таппайт. Бир күнү жаш келин интернет желеси аркылуу пайда болот. Ал өзүнө жардамчы катары, жакшы иш сунуштайт, «Россияда жакшы жашоо бар» деп ишендирет. Кыз айылдан башка эч жака чыккан эмес. Алдап-соолап, келин кызды кыргызстандан алып чыгып кетет. Кыз Россияга иштейм деп үмүт менен барган жеринен адам саткан уюшкан кылмыштуу топтун колуна түшүп, эркиндигинен ажырайт. Анын жашоосу тозокко айланат. Өзүнүн жанын кыйууга да аракет кылат. Көп жолу качууга далалаттанат, бирок иши оюндагыдай чыкпайт. Кылмыштуу топтон өтө катуу кордук көрөт. Алар өтө күчтүү, баардык жерде байланышы бар, акчасы көп, эл аралык кылмыштуу уюум болот. Ортодон дагы бир кыздын өлүгү кыргыстанга келет, ошол ишти иликтеп жатып кылмыштуу ишке илинчек табат, иш чет өлкөдө болгодуктан биздин кызматкерлер иш алып баралбай убара болот. Акыры кыргызстандын ички иштер органдарына түшөт. Бул ишти тажрыйбалуу, бирок системадан көңүлү калган ыкчам кызматкер колуна алат. Ал үчүн бул кадимки иш эмес — бул улуттук намыс маселеси эле. Кыйынчылыктарга, басымга, коркунучка карабай, ал эл аралык адам сатуу тармагын иликтеп, уюшкан кылмыштуу топ менен өмүр менен өлүмдүн ортосунда күрөшүп кылмыштын бетин ачат. Кызды аман алып чыгат. Ошондой эле көптөгөн кыргыз кыздарынын тагдырына күбө болот. Фильм үмүт менен аяктайт. Бул фильм аркылуу биз жаштарды өз укугун билүүгө, мыйзамсыз азгырууларга ишенбөөгө жана жалпы коомчулукту ар кандай кыйынчылыктарды жеңүүгө, жакшы келечекке умтулууга, алдыга койгон максаттарына жетүүгө, мекенди сүйүүгө ошондой эле кандай кырдаал болбосун адам боюнча калууга үндөйбүз. Эрксизден кыз сатылган, бирок адамдык намыс сатылган эмес.
Расписание сеансов
Для покупки билетов выберите интересующий вас сеанс.