Ишке ашпай калган тоноодон кийин жаш ууру Бекжан акча салынган сумканы бир топ карыянын жүгүнө жашырып коёт. Кийин акча алар менен кошо «НУР» карылар үйүнө кетип калганын билген Бекжан айласыздан тобокел кадамга барат — карыянын кейпине кирип, карылар үйүнүн жаңы тургуну болуп жайгашат.
Анын максаты жөнөкөй эле — акчаны таап, изин суутуу. Бирок Бекжан күтүүсүз окуяларга бай, шайыр карыялардын арасына түшүп, медайым Нуркыз менен таанышып, күлкүлүү окуялардын чордонунда калат. Жөн гана акча үчүн башталган бул амал бара-бара достук, үй-бүлө жана адамга берилген экинчи мүмкүнчүлүк тууралуу окуяга айланат
Расписание сеансов
Для покупки билетов выберите интересующий вас сеанс.