Мен сени таптым
Шаардык кыз жазында айылдагы чоң атасынын үйүнө келет. Ал үчүн бул — убактылуу тыныгуу гана эмес, көптөгөн окуяларга туш кылат. Тагдыр аны таптакыр башка дүйнөгө алып кирет. Айылдын жөнөкөй, бирок жүрөгү таза жигити Асан кызды биринчи көргөндөн тарта эле сүйүп калат. Ал эми шаардык кыз үчүн бул сезим башында түшүнүксүз жана алыстай көрүнөт. Экөөнүн дүйнөсү эки башка: бири — шаардын ылдамдыгы, экинчиси — айылдын тынчтыгы. Бирок алардын ортосундагы жылуулук күчөй баштаганда, кыздын артынан улакчы жигит Кайрат пайда болот. Өзүнө ишенген, өжөр жана атаандаштыкка даяр Кайрат сүйүү үчүн күрөштү баштайт. Үч жаштын ортосундагы сезимдер, тандоо жана ички күрөш — ар биринин тагдырын өзгөртөт. Шаар менен айылдын ортосунда калган кыз чыныгы бакыт кайда экенин түшүнө алабы? Бул — сүйүү, тандоо жана жүрөктүн үнүн угуу тууралуу окуя.
Расписание сеансов
Для покупки билетов выберите интересующий вас сеанс.